Бүгүн, 12-майдагы парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар Өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу премьер-министрдин отчетун карап, канааттандырарлык деп тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жыйында депутаттардын суроолоруна Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берди.
Комитет мүчөлөрү отчеттогу социалдык-экономикалык маселелерге токтолушуп, өзгөчө өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушту. Ошондой эле мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселелери көтөрүлдү.
Андан тышкары Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөттүн 2019-жылдагы ишине канааттандырарлык деген баа берди. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттардын суроолоруна жооп берип, курулуш, транспорт жана коммуникация тармактарында жасалган иштерге токтолду.