Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+21 градус болот.