Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Кыргызстанда коронавирустун басаңдаганы байкалууда

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 1159 | 0

Коронавирустун жайылышынын көрсөткүчү басаңдаганы байкалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 5-20-апрель күндөрү эң бийик көрсөткүчтөр катталган. Андан бери илдеттин жайылуу тенденциясы ылдыйлады.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын эң бийик көрсөткүчү 11-12-апрель күндөрү катталган.

Бүгүн, 12-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учуру катталды. Анын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 10 киши;

Чүй облусу — 1;

Жалал-Абад облусу — 3;

Нарын облусу — 7;

Республика боюнча: 1037 киши.

Бир сутка ичинде Нарын облусунда 6 медициналык кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирус менен ооругандардын негизги бөлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар. Учурда коронавирустан 709 бейтап айыкты. Бул көрсөткүч 79,5%ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM