Коронавирустун жайылышынын көрсөткүчү басаңдаганы байкалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 5-20-апрель күндөрү эң бийик көрсөткүчтөр катталган. Андан бери илдеттин жайылуу тенденциясы ылдыйлады.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын эң бийик көрсөткүчү 11-12-апрель күндөрү катталган.
Бүгүн, 12-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учуру катталды. Анын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 10 киши;
Чүй облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 3;
Нарын облусу — 7;
Республика боюнча: 1037 киши.
Бир сутка ичинде Нарын облусунда 6 медициналык кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Коронавирус менен ооругандардын негизги бөлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар. Учурда коронавирустан 709 бейтап айыкты. Бул көрсөткүч 79,5%ды түздү.