Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 21 бейтап айыкса, 21 адамдан вирус табылды

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 386 | 0

12-майга карата бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алган 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Аймактар боюнча алсак:
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1.

Ошондой эле, бул аралыкта дагы 21 адам коронавирус менен катталды.

Жаңы учурлар катталган аймактар:
Бишкек шаары – 10;
Чуй облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 3;
Нарын облусу — 7.

Жалпы республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1037ни түздү. Анын ичинде 709 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылган. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болгон.

Учурда стационарда – 316 бейтап эмделүүдө, алардын ичинен абалы оор болгон 4 бейтап реанимацияда жатат.


Карантин жана санитардык эрежелерди бузгандарга салынуучу айыппулдар (60 миңге чейин)

Copyright © 2017 Maral FM