Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктуруп алган 21 бейтап ооруканадан чыгарылды. Жалпы айыккандар 709 киши

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 343 | 0

12-майга карата бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн брифингде билдирди.

Аймактар боюнча алсак:
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM