Биз менен байланышыңыз

12-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 403 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 12-майда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM