Биз менен байланышыңыз

11-майдан тарта уруксат берилчү ишмердиктин түрлөрү (тизме)

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 2789 | 0

11-майдан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына киргизилген коменданттык сааттар алынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын жыйынында билдирди.

11-майдан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:

Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

-микрофинансылык уюмдар;

-камсыздандыруу компаниялары;

-ломбард;

-акча алмаштыруу пункттары;

-кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

-туристтик агенттиктер;

-адвокаттык кызматтар;

-басма кызматтары.

Калкты тейлөө кызматтарынан:

-сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

-тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;

-химтазалоо.

Соода чөйрөсүнөн:

-курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

-автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

-тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

-автосалондор – авторыноктордон сырткары.

-Массалык маалымат каражаттары.

Copyright © 2017 Maral FM