Биз менен байланышыңыз

10-майда айрым мекемелерге жумуш күн болот

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 5574 | 0

10-май жекшемби күнгө туш келгенине карабай, айрым мекемелерге жумуш күн деп белгиленди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 9-майда кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка ылайык, коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө, экономикалык багыттагы иштерди жүзөгө ашыруу чараларын ыкчам кабыл алуу максатында 10-май — айрым мамлекеттик мекеме-уюмдар үчүн жумуш күнү деп белгиленди.

Маалыматта кайсыл мекемелердин кызматкерлеринин ишке чыга турганы так көрсөтүлгөн эмес. Бирок буйрук «Аскер кызматчыларынын макамы жөнүндө», «Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык мыйзамына ылайык кабыл алынганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM