Биз менен байланышыңыз

Москва коронавирусту тестирлөөнүн жаңы ыкмасын колдонот

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 704 | 0

Москвада коронавирусту тестирлөөнүн жаңы ыкмасы колдонула баштайт. Бул тууралуу Москва мэринин орун басары Анастасия Рывкованын  айтканына таянып, РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы ыкма иммуноферменттик анализ деп аталат. Анын негизи кан тамырдан алынган канды изилдөө.

Аталган ыкма оорунун кайсы стадиясында экенин же адамдын ооруп айыкканын так аныктай алат. Адамдардын мындай абалы тууралуу реестр түзүү өтө маанилүү.

Шаар мэри Сергей Собянин жакында эле Москва шаарындагы карантиндин мөөнөтү 31-майга чейин узартыларын жарыялады.


Москвада карантин 31-майга чейин узартылды


 

Copyright © 2017 Maral FM