Орусиянын Москва шаарындагы карантиндин мөөнөтү 31-майга чейин узартылды. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин жарыялады.
Мэр белгилегендей, Москвадагы буга чейин киргизилген чектөөлөр 31-майга чейин узартылат. Ошондой эле, жарандар өтө зарыл болгон учурда гана көчөгө чыгууга болот, бирок беткап жана колкап сөзсүз кийүү керек.
Эске салсак, Орусия 29-мартта коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн карантин жарыялаган. Учурда Орусияда бул илдетке чалдыккандардын саны 300 миңге чукулдаган. Орусия пандемия катуу жайылган он өлкөнүн катарына кирет.
Болт
08.05.2020 02:00
Тажикистан менен чектеш айылдарды күчөтүү зарыл күч түзүмгө жергиликтүү жараандарды активистерди катыштыруу зарыл аларга кошо ошол аткесчилик менен алектенген адамдардыда кошуп жоопкерчилик менен эскертүү керек ошолор койондун жатагын билет