Connect with us

Чек ара кызматы: Тажиктер күтүүсүздөн миномёттон ок чыгарды

Кыска кабар | 8 Май 2020 | 3512 | 0

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендин Көк-Таш айылында чек арада тажик аскерлери менен болгон ок атышуу боюнча расмий билдирүү таратты.

Анда бүгүн, 8-майда кечке жуук кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак болгондугун маалымдайт.

Баткен облусунун Баткен районунун Чек жерлигинде, аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр-чатак орун алган. Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытып, алдын-ала алынган маалыматтарга караганда Кыргызстандын бир жаранынын башына таш тийип, жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан да ок атуулар болду.

Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында кыргыз-тажик чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.

Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон ок чыгарган.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM