Биз менен байланышыңыз

Президент: Өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтү узартылат

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 2400 | 0

Коронавирустан улам киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 9-май – Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу учурунда айтты. Учурда мамлекеттик органдар калктын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетин жасап жатканын белгиледи.

Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз.Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат.

Президент жаңы ишин баштаган тармактагылар да коюлган талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүү экенин эске салды. Андан сырткары бүгүнкү күнгө чейин тартипти сактап, медициналык талапты аткаргандарга ыраазычылыгын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM