Биз менен байланышыңыз

Соль-Илецк шаарында кармалып турган 541 кыргызстандык мекенине келди

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 808 | 0

Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында убактылуу кармалып турган 541 кыргызстандык жарандарды алып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Алардын баары обсервацияга алынат.

541 жаран Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында алынып келинди. Алар коронавирустун жайылышына байланыштуу Орусия менен Казакстандын чек арасында Казакстанда киргизилген өзгөчө абалдын аякташын күтүп калышкан, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Казакстандын аймагында өзгөчө абал алына электигин жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанга киришине чектөө киргизилгенин эскертет. Мындан улам Соль-Илецк шаарынан жарандардын кайтарылышы, Орусиядагы жарандар үчүн орус-казак чек арасына келишине себеп болбошу керек экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM