Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери телефондо сүйлөштү

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 576 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда, Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Өзбекстан президентине Өзбекстан Республикасынын Сардоба суу сактагычындагы дамба жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле эки президент коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикирлешти.

Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM