Биз менен байланышыңыз

Дагы 26 адамда коронавирус аныкталып, 37 бейтап айыкты

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 920 | 0

Бүгүн, 3-майга карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 26 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 14;
Ош облусу — 2;
Чуй облусу – 9;
Баткен облусу — 1.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 21;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 1;
Нарын облусу — 6;
Баткен облусу — 2;
Ош шаары — 6.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 795ге жетти. Жалпы 564 бейтап айыгып, 10 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM