Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сегиз тосмо алынып, үчөө көчүрүлдү

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 487 | 0

Кечээ, 30-апрелде Бишкек шаарынын коменданты «Бишкектин аймагындагы блокпосттордун ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана аскер кызматкерлерин алмаштыруу жөнүндө» буйрукка кол койду. Бул тууралуу борбордун комендатурасынын маалымат кызматы билдирди.

Төмөнкү көчөлөгө тосмолор (блокпост) коюлду:

— №9  Саадаев менен Кыргызстан көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №6  Жаш гвардия бульвары менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №15  Древесная көчөсү менен Аламүдүн дарыясы кесилишкен жерде.

Төмөнкү көчөлөрдөгү тосмолор алынды:

— №1  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тосмосу (Маловодное айылы);

— №2  айланма жол — Совхоз Фрунзе көчөсү;

— №4  Пригородное айылы (тазалоочу курулма);

— №7  айланма жол — Маевка айылы;

— №8  айланма жол — Кыргызстан көчөсү;

— №14  айланма жол — Алма-Ата көчөсү;

— №22  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн посту (Киргшелк айылы);

— №26  Чортеков—Жайыл баатыр көчөлөрү.

Copyright © 2017 Maral FM