Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирусту эң көп кайсы курактагылар жуктурган? Расмий жооп

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 542 | 0

Кыргызстанда коронавирусту эң көп орто курактагы 253 жаран жуктурган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти.

Илдетти 15 жашка чейинки 94 бала жуктурган, анын ичинен 1 жашка чейинки 4 ымыркай бар. COVID-19 16 жаштан 19 жашка чейин 20 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 204 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 253 жаран жана 55 жаштан жогору 158 жаранда катталган, — деди Акматова.

Акматова кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң адам жатат. Ал эми стационарда 284 жаран бар.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти. 437 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM