…Баары 7-сот залында башталды. Полдо жаткан Джулиан инфаркттын курмандыгы болду. Дал ушул залда «Кылым процессин» утканбыз. Анда бирөөнүн өлүмүнө себеп болгон бай ишкер акталып чыккан. Джулиан мындай татаал процесстердин далайын утту. Ал адвокатуранын генийи болчу. Бирок инфаркт анын жөнөкөй эле, бир күн өлө турчу пенде экенин эске салды…
Джулиан Мэнтл — Италиянын эң мыкты адвокаттарынын бири болот. Ал инфаркт болгондон кийин, ишин таштайт. Өзүнүн хан сарайын, жеке учагын, тропикалык аралдагы резиденциясын жана кызыл түстөгү Феррарисин сатып, Индияга саякаттап кетет. Ал бул жашоодо эч кандай карьера, мансап, байлык маанилүү эместигин, эң чоң байлык — адамдын өзүндө, ички дүйнөсүндө экенин түшүнүп, башкача ойлоно баштайт.
53 жашында 80дегидей көрүнгөн адвокат, татаал сот процесстерин биринин артынан бирин утуп жатып, саламаттыгына көңүл бурбай калган. Ал руханий дүйнөсү какшып калганын байкаган эмес. Жашоо темпи канчалык ылдамдаган сайын, күчү кетип, акылы курчтугун жоготуп, сезимталдыгы жоголо баштаган. Күнүнө эки саат уктап калган. Ал эми инфаркт болсо, анын руханий жактан чоң көйгөйү бар экенинен кабар берди.
Каарман Индияда саякаттап жүрүп, Гималай тоолорунда жүз жашка чейин жашаган акылмандар тууралуу көп угат. Алар Сиван деген чакан айылда жашаган жамаат болот. Аларды табуу үчүн бир жума жол жүрүп, акырында табат.
Автор ал жерди өтө кооз деп сүрөттөйт. Жапжашыл талаалар, жыты аңкыган түрдүү гүлдөр жана жаратылыштын ар бир сулуулугуна суктанып, стрессиз жашаган акылмандар. Джулиан ал жакта үч жыл жашап, бул аалам кереметтердин кампасы экенин байкайт. Ал: «Бүт аалам адамдын жүрөгүнө батат. Ошол керемет толгон дүйнөнү адам өзүнөн тапканда, эч кандай байлык, бийлик, мансап мааниге ээ болбой калат»,- деп айтат.
«Бакыт — акча менен өлчөнбөйт. Сенин өзүң, ички дүйнөң эмнеден турат, мына ошол эң маанилүүсү».
Адвокат Сиванда жашап келгенден кийин өзүнүн мурунку жардамчысы Джон менен маектешип отуруп (ал дагы адвокат болот) минтип эскерет:
«Мен ийгиликтүү жактоочу болуп иштеп жүргөндө, руханий дүйнөсүн өнүктүрүү менен алек болгондорду эксцентрик (чудаки) деп күлчүмүн. «Ар кимдин башында өз таракандары бар» деп ойлоп койчумун. Бирок Сиванда жашап жүргөндө, адам өзүнүн ички дүйнөсүн тынымсыз өнүктүрүп, аң- сезимди тазалап, ден соолукка кам көрүп турушу керектигин түшүндүм. Ошондо гана руханий гармонияга жетсе болот экен.
Эгер сиз өзүңүзгө жардам бере албасаңыз, башкаларга кантип жардам бересиз? Эгер сиз өзүңүздү сүйбөсөңүз, жакындарыңызды кантип сүйөсүз?
Эң чоң байлык өзүңдө, мээңде, ойлоруңда экенин түшүнгөндө жашоону сүйө баштайсың», — деп белгилейт азыркы акылман, мурунку адвокат.
Китептеги эң маанилүү кеңештерге токтолоюн.
Бүгүнкү ойлоруңуз эртеңки жашоонун пайдубалы.
Адамга бир күндө 60 миңден ашык ой келет экен. Сиздин пикириңизде, анын канча пайызы жакшы ойлор? (Менимче, 10 эле пайызы позитивдүү ойлор болсо керек) Эми ошол ойлорубуз топтолгон жерди (сознание) бир гүл бакча катары элестетели. Эгер биз негатив нерселерди ойлой берсек, ал стресске алып келет. Күнүмдүк жашоодо ар бир көргөн, укканыбыз биздин түпкү аң-сезимге (сознание) топтоло берет. Ошентип, биз бакчабызды таштанды менен толтурабыз. Таштандыга толгон аң-сезим жаңы нерселерди кабыл алабы? Туура, кабыл алышы кыйын болот, ал үчүн «бакчаны» тазалап туруу керек.
«Кандай ойлонсок, жашообуз ошондой куралат».
«Гүл бакчаны» кантип тазаласа болот?
Негизи, адамдар эч көзөмөлсүз ойлонуп көнүп калганбыз. Ал биздин жашоого кандай таасир калтырганын да байкабайбыз. Сивандын жашоочулары — акылмандар мээнин күнүмдүк ой жүгүртүүдө колдонулбаган бөлүгүн да иштете алышкан. Алар: «Мээ — адамга берилген эң чоң керемет» деп билишет. Алар мээге келген ар бир ойду көзөмөлдөө менен «бакчаны» (сознание) тазалап турушкан.
Адамдар баары бир эле абадан дем алат. Каныбыздын курамы да бирдей. Бирок айрымдар гана аң-сезимине жана саламаттыгына кам көрүшөт.
Бул ааламда биз башкара алган бир эле нерсе бар, ал биздин ойлорубуз. Бизге эч ким муну же тигини ойлон деп буйрук бере албайт. Жашоого, адамдарга, окуяларга мамилени өзгөртүү өзүбүздүн гана колубузда.
«Өзүнүн ар бир ою үчүн жоопкерчилик сезген адам — улуу адам». Уинстон Черчиль.
«Ийгиликке алып бара турчу жол — бир ойдон башталат».
«Акыл — мыкты кызматчы ( слуга), бирок начар кожоюн».
Ойлорду көзөмөлдөө бир күндө эле натыйжа бербеши мүмкүн. Сивандын акылмандары, ийгиликке жетүү үчүн жасалган ар бир аракет, үзгүлтүксүз кайталанып турушу керектигин эскертишет.
Өзүн-өзү өнүктүрүүгө, саламаттыгына, аң сезимине кам көрүүгө убакыт жок дегендерге бир мисал: унаанын майы түгөнүп калса, убакыт жок болсо да барып куйдурабыз. Демек, адам дагы «майы» түгөнгөнгө чейин «май куйдуруп» турушу керек.
Биздин аң-сезим магнит сыяктуу. Ал сен ойлогон жана каалаган нерсеңе тартылып турат».
«Ар бир адамда катылып турган жөндөмү бар».
«Башкалардан баймын же таланттуумун деп төш какпа. Өзүн-өзү жеңген адам гана улуу адам».
Максатсыз жашоо
Максатка жетүүнүн төрт ыкмасы:
1-Оюңда максатыңдын жыйынтыгын элестет. Мисалы, арыктагысы келген адам күндө эртең менен өзүн арык, чыйрак элестетиши керек.
2-Өзүңдү чыйралтуу, ойготуу. (побуждение).
Маселен, чечим кабыл алып, бирок аны ишке ашырууга моюн жар бербегенде өзүңдү ойготуу керек деген маани. Мисалы, «мен китеп жазам же арыктайм» деп досторуңа же көпчүлүк алдында сөз бересиң. Аны аткарбай коюудан уялган үчүн да аткарасың.
3-Коюлган максатты ишке ашыруу үчүн конкреттүү убакытты белгилөө керек.
«Максат, кагаз бетине жазылбаса, максат болуп эсептелбейт».
Масатыңдын ар бир багыты өзүнчө бөлүнүп жазылышы керек. Максат абстрактуу болсо, анын ишке ашуусу кыйын.
Футбол машыктыруучусу так планы жок туруп, футболчуларды оюн талаасына чыгарбайт. Ал оюнчуларды акыркы жыйынтыкты, жеңишти көрө билүүсүн талап кылат.
«Жашоодон ырахат албай өткөргөн күн — өлүк күн (мертвый день) болуп эсептелет. Ар бир жаңы күн — сиз үчүн тагдырын белеги болушу керек».
Көздөрүң күйүп турсун
Жашоого, үйрөнүүгө, иштөөгө жалындап турган каалоо керек. Азыркы заманбап жашоодо көпчүлүк адамдын көздөрү күйбөй калган. Алар бир ишти каалаган үчүн эмес, милдеттүү болгон үчүн жасайт. Эртең менен турганда өзүбүздү чыйрак жана кубаттуу сезишибиз үчүн жүрөгүбүздө жашоонун оту (огонь жизни) жалындап турушу керек.
«Кайзен» философиясы
Миңдеген жылдар мурун Чыгыш акылмандары «кайзен» философиясын ойлоп табышкан. Япон тилинен которгондо кайзен — «ар дайым өзүн-өзү өнүктүрүү» деп аталат. Өмүрүнүн акырына чейин өзүн өнүктүрүү менен алектенгендер, катардагы адамдардан ушунусу менен айырмаланышат.
Адамдар өзүнө караганда, башкалардын билими төмөн болгону үчүн аларды теңсинбейт. Бирок өзүнүн жан дүйнөсүндө кемчиликтерин билген адам, дагы көбүрөөк үйрөнүүгө умтулат. Алар үйрөнүүгө өмүр бою ачык болушат. Жөнөкөй суроолорду бергенден уялышпайт, андай суроолорду өздөрүнө да беришет. Мындай адамдар жашоосунун чыныгы маңызын эртерээк түшүнөт.
«Өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча китеп окуган адамдарды көргөндө «булардын комплекстери көп, ошондон арылуунун жолун издешет»,-деп ойлобогула. Алар өзүн-өзү өнүктүрүүгө убакыт тапкан баатырлар».
«Жашооңдун өзгөрүшүн кааласаң, өзүң өзгөр».
«21 күндүн» купуя сыры
Жаңы адаттын калыптануусуна 21 күн кетет. Адам эски, керексиз адаттарынан арыла албайт, бирок аларды жакшы адаттар менен алмаштыра алат. Жаңы адаттын калыптануусу үчүн 21 күн, бир убакытта кайталанышы керек. (кайталоо өтө маанилүү).
Бир күндө аткаруу керек болгон жөнөкөй эрежелер
-Күн ичинде жок дегенде он мүнөт (жарым саат) убакыт таап, тынч жерде жалгыз калып, ойлонуу керек. (размышлять) Өзүңө-өзүң эсеп беришиң керек, бул процедура күндө бир убакытта кайталанса, натыйжасын берет. Бул — бүгүн кылган каталарды эртең жасабаганга жардам берет;
-Күндө физикалык көнүгүү жасоо;
-Бир күндө 4-5 жолу терең дем алуу, демди ичиң менен аласың.
-Туура тамактануу — мөмө-жемиш, жер жемиштерди көп жеш керек;
-Күч акылда. Китеп окуу, бир күндө эң аз дегенде жарым саат;
Китепте жаңы нерселер айтылбайт, анда жазылгандар буга чейин болуп өткөн, бирөөнүн башынан өткөргөн окуялары же тажрыйбасы. Ошол себептен адам китеп окуп отуруп, анда айтылгандарды эмес, өзүндөгү жаңы нерселерди ачат. Китеп кол чырак сыяктуу. Ал сендеги катылып жаткан нерсеге жарык чачып, аны көрүүгө жол ачат.
-Күн менен бирге ойгонуу — эрте туруу. Эртең менен тургандагы алгачкы он мүнөт өтө маанилүү. Ошондой эле уктаардын алдында да он мүнөттүн таасири бар, жакшы маанайда укташ керек.
-Музыка угуу;
-Сөздүн күчү. Мээни тазалап, өзүңө ишенүү үчүн жакшы сөздөрдү кайталап, айтуу керек; (Мен акылдуумун, мен бактылуумун, айланамда мүмкүнчүлүктөр толтура, менин колумдан баары келет, ж.б)
-Азга шүгүр келтирүү.
20 пайыздык эффект
Робин Шарма, бир күндө аткарган ишиңдин 20 пайызы гана сага пайдалуу болот деп жазат. Ошол продуктивдүү 20 пайыз убакытты өзүңүзгө пайда алып келе турчу иштерге коротуңуз.
Мисалы, эттен майды бөлүп алуу сыяктуу элестетиңиз. Күндө аткарган кээ бир аракетиңиз (кофе ичүү, телевизор көрүү, соцтармактарда отуруу, же жөн эле телефон чукуу ж.б) Бул иштер он жылдан кийин сиздин жашооңузга пайда алып келеби?
«Роза берген колдо анын жыты калат. Башкаларга жакшылык кылсаң, сөзсүз өзүңө кайтат».
Убакытты туура пайдалануу
Ар бир кишиге бир күндө 24 саат убакыт берилет. Биз бири-бирибизден аны кандай колдонгонубуз менен айырмаланабыз. Ошол эле учурда, 24 саат бош коробосун деп баш-оту менен берилип иштөөнүн пайдасы жок. Бир күндө кайсы ишибизге канча убакыт короторубузду так белгилесек, убакытты эффективдүү пайдаланган болобуз. Ишиң канчалык көп болсо да, эртең менен бир саат эрте туруп, күндү эрте баштаганда баарына жетишип жүрөбүз го?
Өлүмдү эстеп туруу
Эртең менен турганда, «эгер бүгүн өлө турганымды билсем, бул күндү кандай өткөрмөкмүн?» деп ойлонуңуз. Акылмандар өлүм жөнүндө ойлонуу — жашооңузду өзгөртүүгө чоң түрткү болот деп эсептешет. Өлүм жөнүндө ойлонгондо ар бир аракетиң маңыздуу, натыйжалуу боло баштайт.
«Мээңе коркуу сезимин, колумдан эч нерсе келбейт деген ойлорду киргизбе. Өтмүштүн туткунунан бошон».
«Убакыт тагдыр берген белек, аны баалай бил».
«Жеңил жаша».
«Өлүм алдында тургандай ойлон».
«Жок деп айтуудан коркпо».
«Жок дегенде бир жакшылык кылмайынча, башыңды жаздыкка койбо».
«Күндүн батып баратканын жана айдын чыкканын көрүп, бул кереметтердин Жаратуучусун бүт жүрөгүм менен мактайм». Махатма Ганди.
Сивандын акылмандары өтмүштү — көпүрөнүн астынан агып бараткан сууга, келечекти — уясынан чыга элек күнгө салыштырышкан. Адам өтмүшүн да, келечегин да башкара албайт. Анын колунда бүгүнкү күнү гана бар.
«Бүгүн сизди бактылуу кыла турган нерсени кийинкиге калтырбаңыз».
«Дем алып, жашап жаткан үчүн гана бир күндө бир жолу Жаратуучуңа рахмат айт».
«Адамдар жашоосуна наалыганды адат кылып алган. Кудай пендесине бардык каалаганын эмес, керектүү, пайдалуу болгонун берет».
Автор тууралуу. Робин Шарма бул китепти өз жашоосунун негизинде жазган. Ал китептеги каарманы Джулиан Мэнтл сыяктуу адвокат болууну каалап, бирок кийинчерээк бул дүйнөдө түбөлүк жыргалчылык жок экенин түшүнүп, кесибин таштайт. Ал бул жашоого эмне максатта жаралганынын маанисин табууну көздөп, дүйнө кыдырат. Чыгыш жана Батыштын акылмандарынын тажрыйбасын иликтейт. Аны айкалыштыруу менен чоң эмгектерди жазган.
Сөздүн аягында, «жашооңду өзгөртүүгө кириш, ошондо сага аалам өзү жардам берет», — деп аяктайт.