Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик вируска каршы күрөшүүгө 36 млн евродон ашык каражат бөлөт

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 503 | 0

Евробиримдик Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 36 млн евродон ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, COVID-19 өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына жана социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам саламаттык сактоо тармагынын даярдыгын жогорулатуу жана калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү керек.

Буга байланыштуу Евробиримдик 36 миллион евродон ашык каражатты грант түрүндө Кыргызстанга бөлөт. Ал каражат макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун, саламаттык сактоо тармагын колдоого, кризисти башкаруу жана жеке секторго жардам көрсөтүүгө багытталат.

Мындай жардам менен Евробиримдик ушул глобалдык кризис учурунда Кыргызстан жана анын эли менен туруктуу байланышын жана тилектештигин көрсөтүп турат. Жардам Кыргызстандагы пандемиядан келип чыккан эң актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Евробиримдик өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү катары кризистен кийин дагы колдоо көрсөтө берет.

Европа Биримдигинин Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу 30,8 миллион евро грантты камтыйт, ал каражат бардык эки тараптуу процедуралар аяктагандан кийин бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн түздөн-түз казыналыкка өткөрүлүп берилет. Бул каражат калктын аярлуу катмарын коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле башка тармак үчүн атайын каржылоону камтыйт.

Евробиримдик Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Бажы кызматына 4 миң 750 комплект жеке коргонуучу каражат (4 миң беткап, 250 респиратор, 250 коргонуучу костюм) берген.

Ошондой эле Евробиримдик мектеп окуучулары үчүн дистанттык билим берүү платформасын түзүү үчүн 80 миң евро бөлдү.

Белгилей кетсек, 2014-2020-жылдар аралыгында Евробиримдиктин Кыргызстанга колдоо катары бөлгөн акча каражатынын суммасы 263 млн еврону түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM