Биз менен байланышыңыз

Ооганстандан 10 кыргызстандык Казакстан аркылуу келди

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 536 | 0

27-апрелде Казакстан аркылуу 10 кыргыз жараны Ооганстандын Кабул шаарынан кайтып келишти. Бардык келгендер бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу маалыматты Республикалык штаб билдирди.

Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу боюнча маселелерди ишке ашыруунун алкагында, дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына байланыштуу жабык чек аралар шартында жана эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрдүн токтогондугунан улам Тышкы иштер министрлиги Казакстандын ТИМи менен биргеликте кызматташып, бул маселени чечүүнүн  жолдорун иштеп чыкты.

Көрсөтүлгөн жарандар ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда Бишкекке алынып келди.

Copyright © 2017 Maral FM