Биз менен байланышыңыз

27-апрель: коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 803 | 0

Бүгүн, 27-апрелге карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсенбаев билдирди.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 6;
Ош шаары– 1;
Ош облусу — 1;
Чуй облусу – 2;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 2.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти. Учурда стационарда – 292 адам дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда – 7 киши. Жалпы коронавирустан айыгып, 395 адам ооруканадан чыгарылган Жалпы 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM