Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден бери иштей баштады.
Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келген.
Маалыматка ылайык, бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.
26-апрелге карата Нарын облусу боюнча 85 адам коронавирус инфекциясы менен катталган.
Республика боюнча коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды.
Анын ичинен: стационарда – 304, жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.