Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 26-апрелде республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+11, күндүз +26…+31;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот.