Биз менен байланышыңыз

Дагы бешөө, жалпы 180 медкызматкер коронавирусту жуктуруп алган

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 315 | 0

26-апрелге карата бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 3
Нарын облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда — 1.

Бишкек шаарындагы 3 медик №3 эмкананын дарыгерлери экени айтылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды. Коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды.

Анын ичинен: стационарда – 304, анын ичинен алтоосу жандандыруу бөлүмүндө. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.


Коронавирус менен катталган 682 адам кайсы аймактардан?

Copyright © 2017 Maral FM