Дем алыш күндөрү — эс алуу үчүн жана үй-бүлө менен жакындарыңдын курчоосунда көңүл ачуу үчүн эң сонун учур экендигин белгилеген Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Фейсбуктагы баракчасында көрүү үчүн сунуштаган кинолордун тизмеси менен бөлүштү.
— Мен жана менин үй-бүлөм сиздерге көрүү үчүн төмөнкү фильмдерди сунуштайбыз, — деп жазат Орозалиев.
Комендант сунуштаган фильмдердин тизмеси:
1. «Жамиля» — режиссерлору: Ирина Ивановна Поплавская, Сергей Иосифович Юткевич;
2. «Мимино» — режиссеру: Георгий Данелия;
3. «Мальчик, который обуздал ветер» — режиссеру: Чиветел Эджиофор;
4. «Путь к матери» — режиссеру: Акан Сатаев;
5. «Джентльмены удачи» — режиссеру: Александр Иванович Серый;
6. «Бриллиантовая рука» — режиссеру: Леонид Иович Гайдай;
7. «Көк бөрү» — режиссеру: Руслан Акун;
8. «Спитак» — режиссеру: Александр Котт;
9. «Джентльмены» — режиссеру: Гай Ричи;
10. «Звёздочки на земле» — режиссерлору: Аамир Хан, Амоле Гупте.