Биз менен байланышыңыз

Баткенде жер титирөө катталды

Без рубрики , Кыска кабар | 12 мая 2020 | 450 | 0

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда саат 16:26да Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM