Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бүгүн 106 киши эрежени бузду. Алардын көбү Бишкекте

Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 581 | 0

23-апрелден 24-апрелге караган түнү республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 106 киши бузуп, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кармалгандардын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 88;
  • Жалал-Абад шаарында — 2;
  • Ош шаарында — 5;
  • Нарын шаары — 1;
  • Ат-Башы району боюнча -5;
  • Сузак районунда — 3;
  • Кара-Суу районунда – 2 адам.
    Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган эмес.

Эске салсак, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин 3361 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, коменданттык саат аяктаганда коё берилген.


СOVID-19: 24-апрелге карата 25 жаңы учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM