Биз менен байланышыңыз

Президент: Бүгүнкү татаал мезгилде Орозонун мааниси бийик

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 990 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

«Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл«,- деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоо текстинде.


«Орозо — таңдан кечке ачка жүрүү эмес, напсини тыюу»

Copyright © 2017 Maral FM