Биз менен байланышыңыз

22-апрелге карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 510 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 22-апрелде Нарын облусунун айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Калган облустарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11 градус, күндүз +26…+28 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM