Биз менен байланышыңыз

Стамбулдан келген кыргызстандыктарда коронавирус илдети жок

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 913 | 0

Кечээ, 17-апрелде Түркиянын Стамбул шаарынан келген бардык кыргызстандыктын анализи чыкты. Алардын биринен дагы COVID-19 вирусу чыккан жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Кечээ 200дөн ашык кыргызстандык жаран Бишкекке чартердик рейс менен жеткирилген. Алар учактан эле тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн.

Атайын каттамда келген 198 адамдын анализи даяр болгон. Биринен да оорунун белгилери чыккан жок. Ал эми калган жүргүнчүлөрдүн тапшырган тесттеринин жыйынтыктары бүгүн чыгат, — деди министрдин орун басары.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 506га жетти. Учурда стационарда – 371, алардын ичинен 6 адам реанимацияда. 130 бейтап ооруканадан чыгарылган. Коронавирус илдетинен 5 адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM