Биз менен байланышыңыз

Карантинде туура ойлонуңуз. Максат Муктаровдон кеңеш

Блог , Пикирлер | 18 Апр 2020 | 1492 | 0

Коронавирус Кыргызстанга да жетип, буга байланыштуу ар кандай чектөөлөр киргизилди. Бул бир гана медициналык жактан эмес, психологиялык жактан да кооптонууга алып келди. Мындай учурда кандай ой жүгүртүүбүз керек? Бул суроого эл аралык коуч (жашоого машыктыруучу) Максат Муктаров жооп берип, кеңештери менен бөлүштү.

-Вирустун тараганын укканда дүрбөлөңгө түштүк. Ар кимдин оюнда бул пандемия ар кандай деңгээлде кабыл алынды. Сиз кандай кабыл алдыңыз? Коркуу эмнени өзгөртөт?

-Биринчиден, биз бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул дүйнөдө жаратылыш кубулуштары бар. Эмне үчүн жамгыр, кар жаайт деп айтпайбыз да. Анткени, биз дайыма көрөбүз аны. Ошондой нормада канча жыл, кылымдан бери жашайбыз. Жер титирөө болот, сел каптайт. Булар дайыма эле боло бербейт. Бирок, болгон учурлар да кездешет. Биз нормалдуу нерсе катары карап көнүп калганбыз. Вирусту жаман деп кабыл албай, нейтралдуу кабыл алышыбыз керек. Эми үйрөнөбүз, ушундай вирустан кантип кутулсак болот? Өзүбүз сактансак болот. Баарыбыз сүйлөшүп, жок кылабыз. Жуктурууга уруксат бербөө керек. Дүйнөнүн бардыгы бул жерде команда сыяктуу иштеп жатабыз. Баарыбыз өзүбүздү коргоп жатабыз. Эгерде бул нерсени жаман деп кабыл алсаңыз, анда бардык нерсе жаман болот. Бул реалдуу түрдө келди. Эмне үчүн келди? Маанилүү эмес. Жашооңдо эмне болсо да, анын баары нейтралдуу. Эгерде түлкү болбосо, чымчык учмак эмес. Ошол сыяктуу вирус дагы биздин көптөгөн жактарыбызды чыңап жатат. Адамдардын баары эле өлүп калбайт. Кудай сактасын. Мындай эпидемиялар тарыхта болгон жана уланууда. Биз вирусту изилдедик. Вирус – кичинекей партикл, абада учуп жүрбөйт, жерге түшөт, оорураак. Вирус кимде болсо, ошонун жанындагыга эле тиешеси болот. Билдик, түшүндүк, мындан корккондун кереги жок. Демек, көп жерлерге барбайбыз, дүйнө жүзүндө толук кандуу жок болмоюнча, белгилүү чараларды колдонобуз. Вирус өлгөн соң, жашоону нөлдөн баштайбыз.

Вирустун өзүнүн таасири жана көбөйтүлгөн таасири бар. Вирустун таасири 5% болсо, коркконуңуз үчүн 50-80 пайызга жогорулайт. 80 пайыздын ичиндеги 5% гана вирус, калганынын баары башка нерсе. Акча жок, иштей албай калдым жана башка ушулардын баары оюбузга келет. Дүйнөдө эч ким ачкалыктан өлбөйт экен. Көптөгөн изилдөөчүлөр дагы айтат. Африкада өлдү дешет. Ал жакта ачка калып өлбөйт, кандайдыр бир оорулардын жугушунан улам жан беришет.  Ачка калуу, акча жок болуу дагы бул  — коркуу. Адамдарга кайрылат элем, сиз андан коркпоңуз. Келечекти ойлогон үчүн адамдар кыйналып жатышат. Бирок, азыр жегенге тамагы бар. Жок дегенде кошунадан сурайт. Бир аз күчтөнүңүздөр. Караңыз, бүгүн тамагыңыз жок дейли. Эртеси сөзсүз бир жерден тамак-аш келет. Же бир нерсе жейсиз, өлбөйсүз. Мен бул нерсени канча жолу жашоомдо тест кылдым. Бир күнү акчам жок олтурсам эле, бир кардарым акча жөнөтүп калды. Алдын ала төлөп коюптур. Мен сураган деле эмесмин.

— Карантинде олтурган адам эмнени ойлонуш керек?

Наполеон Хиллдин “Думай и богатей” деген китебин окугансызбы? 18 жыл изилдеп, ушул техниканы, сырды  таап, китептин артына “Ойлон жана байы” дептир. Тил билгиңиз, жашооңузду оңдогуңуз келип жатабы? Дагы эмне кылгыңыз келип жатат? Бул жерде аябай маанилүү нерсе, ошол каалаган нерсеңизди оюңузга киргизишиңиз керек. Эгерде байыгыңыз же бактылуу болгуңуз келсе, азыркы жашоого ылайыктуу, ойлоно турган убакыт келди. Ойлонуу – өтө маанилүү. Ал – башаты. Жашооңуздун, максатыңыздын башаты – ой. Мисалы, бир идиш бар дейли. Идишти бир  фигурада бирөө жасады. Идишти жасоодон мурда, биринчи оюна келгенби же дароо жасап койгонбу? Туура, оюна келген. Биздин көзүбүз көргөн сырттагы бардык нерселер, адамдын жасаган бүт нерселери биринчи ойго келет. Эгерде ойго келбесе, сырттагы нерсе, адам жасаган нерсе жок, болбойт. Үй-бүлө кургуңуз келип жатабы?  Биринчи оюңузга ошол үй-бүлөнү алып киресиз. Үйүм бар, балдарым чуркап жүрөт, гаражым бар, келинчегим менен жүрөм дегендердин баарын оюңузга коюп чыгасыз. Анан бул нерсени күчтөндүрөсүз. Жерге урук тиксеңиз, ал сөзсүз чыгат. Жылына чөп чыгабы жерден? Дарактар жылына бүчүр байлап, жашылданабы? Тарыхта  бир жыл болсо дагы, жашылданбай калган жыл болгон эмес. Бул нерсени  мыйзам деп алсак болот. Баштагы элестеткен үй-бүлөгө кайрылсак. Ошол жакшы ойлор башыңызга урук болуп тигилет. Тигилгенден кийин сиз өзүңүз байкабайсыз. Көп иштер менен жүрүп, аягында 5-6 жылдан кийин көрөсүз, жанакы сиз ойлогон нерсе орундалат. “Мен чынында эле ушул жерде экенмин” дейсиз.  Анткени, бул баарында ошондой. Ушундай мыйзам. Корккон киши оюна коркуунун уругун тигет, кааласа-каалабаса дагы өсүп чыгат. Корккон үчүн баласын дагы урушат. “Уялчаак болуп калбасын, өзүңдүн акыңды кара, сабак окубаса, жаман ишке аралашып калат” деген ата-эненин коркуусу. Баланын үстүнө урукту тигип жатат. Азыр эмнени ойлонуш керек? Мен болбой турган нерселерди дагы ойлоном. Мен коркпоймун. Бир техниканы билем. Мен бир нерсени оюма киргизгенден кийин менин тагдырым ошого жараша өзгөрөт. Мен ойлогон жол менен барбайт. Ар түрдүү жол менен барат. Тааныбаган киши менен өнөктөш болом, оюма келбеген бизнести кылам, тааныбаган бир киши менен таанышып калам, аягына барганда чынында эле ошондой болуп чыгат. Мисалы, мен кичине кезимде дүйнөнү кыдырам, өз көзүм менен көрөм, Америкага барам дедим. Ошон үчүн эң маанилүү нерсе — сиз эмнени каалай турганыңызды ойлоңуз. Сиз аларга «кантип» деген суроого жооп издебеңиз. Башкача айтканда – бул сыйкыр. Биле турган нерсеңиз – эмне каалап жатканыңыз. Эмне кааласаңыз башыңызга “киргизесиз”. Анан эмне үчүн каалап жатасыз? Жообуңуз болсо, каалооңуз күчөйт. Азыркы ойлой турган нерсе — кайсыл жакка баргыңыз келет, балдарыңыздын келечегин,  элдерге кандай жардам бергиңиз келет, эртең менен турганда кандай сезимдер болот жана башка ушул сыяктуу кыялдануу. Кыялдануу – чындык. Мен азыр кыялымда жашап жатам. Сиздин каалай турган нерсеңизге тагдыр өзүнүн жолу менен алып барат.

— Ой жөнүндө жакшы айттыңыз. Бирок, көпчүлүгүбүз ойлоп эле, ой боюнча калып калат. Ишке ашырууга дагы эмне жетишпейт?

— Эмне үчүн калып калат билесизби? Анткени сиз ошол ойду өзүм кылам деп ойлойсуз. Бирөөсүн кыла албай калганда, калганы болбой калат деп ишенесиз. Ой боюнча калып калбаш үчүн техникасын айтайын. Башыңызга кирген ойду кантип кылам деп жооп издебеңиз. Жооп таппаганда, ал нерсе калып калат. Ойлогондон кийин анын болоруна  ишениңиз. “Кантип?” деп өзүңүз жол чийбеңиз. Өзүңүз чийген жолдо, бир эле көйгөй болуп калса, ал болбойт экен деп калып каласыз.

-Азыркы күндө чоң жана кичи бизнестер менен алектенген ишкерлер бар эле. Алар кризиске учурады. Аларга кандай кеңеш бересиз?

— Кризиске учураган бизнесмендин мурда бизнеси жок эле. Бүт баары бизнесмен болуп төрөлбөйт. Ал чоңоюп жатат. Мурда бизнеси жок болчу, кийин болду. Эмнеге биз буга таң калбайбыз дагы, бизнеси түшүп кеткенде таң калып жатабыз? Чыкса дагы, түшсө дагы нормалдуу болуш керек. анткени, ал бизнес мурда дагы жок эле. Демек, дагы да болот. “Эмоциялык эсеп” деп коёт. Бул деген сиз ичиңиздеги сезимиңиз менен өзүңүздү бизнесмен адам катары сезсеңиз, карантин бүткөндөн кийин дагы ошол сезимдер ичиңизде болсо, анда  2 айда мурдакы бизнесиңизден дагы өйдө чыгып кетесиз. Эгерде эмоциялык эсебиңизде ал сезим жок болсо, сиз андай бийиктикке чыга албайсыз. Ошончо акчаны, ошол бизнести өзүңүзгө ыраа көрө албасаңыз, норма катары көрө албасаңыз, анда ал даражага чыга албайсыз. Ошон үчүн көбүнчө кедейдин баласы кедей болуп кетет.  Байдын баласы бай жашайт. Байдын баласы “Бай жашай алам” деп, нормалдуу нерсе катары кабыл алып, толтуруп алган. Кедейдин үй-бүлөсүндөгү бала “ал акча мага чоңдук кылат, бузулуп кетем” деп, ойлонуп алат. Ошол менен жашайт. Кандай жагдай болбосун айырмасы жок, адам баласы болгондон кийин бул эсепти толтурушуңуз керек. Кантип толтурасыз? Үйрөнүш керек.  Тигил киши бизнес кылып жатса, сиз эмнеге кыла албайсыз? Сизде баш, кол, кулак бүт нерсе бар.  Кыла албаганыңыздын себеби, “кыла албайм” деп, өзүңүзгө кабыл алгансыз.

Банкрот болгон бизнесмен физикалык жактан банкрот болду. Бирок эмоциялык жактан банкрот болбосун. Мүмкүнчүлүктү көргөн кишиге азыркы абал аябай жардам берет.  Эгерде кыйынчылык деп карасаңыз, мээңиз ошону гана ойлонот. Коргонот, коркот. Ошол менен жашап каласыз. Карантинде деле маанайыңыз жакшы болсо, жакшы пландар коюлат. Бүт нерсенин жакшы, боло турган жагы көрүнөт. Маанай жаман болсо, жакшы жактары көрүнө албайт. “Адамдын оюнда эмне болсо, жашоосунда ошол келет” деген окумуштуулардын сөзү бар.

-Маанайды көтөрүү үчүн эмне кылыш керек?

— Маанайды көтөрүүнүн техникасын айтайын. Эч ким же эч нерсе мага бир нерсе кылып бергенге милдеттүү, мажбур эмес. Өткөн чакты өзгөртө албайбыз. Вирус тарап кетти, көзөмөлдөй албайбыз. Көзөмөлдөй албаган нерселерди ойлонуп, өзгөртө албайбыз. Бизге да жакшы нерсе болбойт. Тескерисинче, биз кыйналып жатабыз. Ошону кабыл алыңыз. Жамгыр жаап жатат, кабыл алып, кол чатырды алып эшикке чыгасың, болду. “Кантип” деген суроо менен жашасаңыз, аябай кыйналасыз. Үй-бүлөлүк жашоодо, бизнесте, айлана-чөйрөдө да ошондой. Ал нерсе менен ийгиликке жете албайсыз. Ошол үчүн өзүңүз карантинде болгонуңуз менен мээңиз карантинде эмес. Ошого туура ойлонуп, бул учурду туура жакка колдонуу керек.

 

Жазган: Махбуба Сайпилаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM