Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 18-апрелде күн ачык болот

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 373 | 0

Кыргызгидромет борборунун болжолуна ылайык, эртең, 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7 градус, күндүз +19…+21 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM