Биз менен байланышыңыз

17-апрелде 23 бейтап коронавирустан сакайды, арасында 6 жаштагы бала бар

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 586 | 0

Өткөн сутка ичинде жалпысынан коронавирус илдетине чалдыккан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 17-апрелде Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Алардын ичинен Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 9 бейтап чыкты. Алардын арасында 6 жаштагы бала бар. Мындан сырткары Ош шаарынан – 7,  Жалал-Абад облусунан – 7 бейтап сакайган.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM