Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: Жаңы 23 учур катталды, тең жарымы медицина кызматкерлери

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 1427 | 0

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Алардын тең жарымы медицияна кызматкерлери. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илдетке чалдыккандардын 14 Бишкек шаарынан. Чүй облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 2, Ош облусу – 4, Ош шаары – 2
Жаӊы катталган учурларда 15 аял, 8 эркек.

Муну менен Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489га жетти. Алардын 116сы медицина кызматкерлери. Стационарда – 370 адам жатат. Алардын ичинен реанимацияда – 4. Ооруканадан 114 бейтап сакайып чыгарылган. 5 жаран каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM