Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: COVID-19 боюнча гумжардамдар ачык-айкын бөлүштүрүлөт

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 782 | 0

Өкмөт коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн келип түшкөн финансылык каражаттарды жана гуманитардык жардамдарды пайдалануу жана бөлүштүрүү процессинин ачык жана айкын болушун камсыздайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал учурда гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн эки атайын эсеп — Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында ачылганын билдирди.

Биринчи эсепке 125 млн. сом келип түштү, анын 38,5 млн. сому атайы комиссиянын чечими менен март айы үчүн медициналык кызматкерлердин кошумча акысына багытталган. Ушул гана каражаттар коротулду, калганы эсепте турат. Аталган каражаттар уурдалып, же жоголуп кетти деген маалыматтар чындыкка жатпайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 13,5 млн. сом түшкөн, анын 4,3 млн. сому ведомствонуун тизиминдеги аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Калган финансылык каражаттар эсепте турат. Келип түшкөн финансылык каражаттар, гуманитардык жардамдар боюнча бардык маалыматтар www.help.covid.kg сайтында жарыяланган. Биз гуманитардык жардамды пайдалануу боюнча ачык-айкын процессти камсыз кылуудабыз, — деди Кубатбек Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM