Биз менен байланышыңыз

Кытай менен чектеш «Эркештам» бекети ачылды

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 1262 | 1

Кытай менен чектеш «Эркештам» бекети ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, 2020-жылдын 14-апрелинде Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде «Эркештам» кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жүк ташуу үчүн ачылган.

Эске салсак, бүгүн, 14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк агымдарын жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Ошондой эле, эпидемиологиялык кырдаал учурунда «Торугарт» өткөрмө бекетиндеги кызматташтыкты да өнүктүрүү маселеси каралып жатканы айтылган.

Өткөрмө бекети жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн ачылмакчы жана адамдарды өткөрүү боюнча чектөө сакталат.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз элим

    15.04.2020 16:18

    Карантинде кыргыз элин кармап,кытай чек арасын ачканда эмне пайда???Бир эки ай олуп баратсанарда жаап турсанар болмок??????

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM