Биз менен байланышыңыз

Баткен районунда өрүктөрдү үшүк алды. Зыян 360 млн сомдун тегерегинде

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 905 | 0

Баткен районунун бир катар аймактарында өрүктүн мөмөлөрүн үшүк алды. Өрүк аймактагы элдин негизги киреше булагы болуп саналат. Бул тууралуу “Баткен биофабрикасынын” директору Турсунали Төлөмүшов “Маралга” билдирди.

Анын райондук айыл чарба департаментинин маалыматына таянып билдиргенине караганда, 10-апрелдин түнүндө үшүк жүрүп, райондун өрүк аянты көп Дара айыл өкмөтүнүн аймагында 1030 гектар аянттагы өрүк мөмөлөрүн үшүк алып кеткен.

Баткен районунда 3 миң гектардай өрүк багы бар. Гектарынан орточо 1 тонна кургатылган өрүк алынат. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам быйыл болжол менен 360 млн сомдук киреше колдон учту, — дейт Турсунали Төлөмүшов.

Ал эми райондун башка аймактарында да өрүктөр суукка кабылганын, Баткен шаарында 30-40% өрүк багына үшүк тийгенин Төлөмүшов кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM