Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал шартында ЖМКлардын иштөө форматы кайра каралат

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 554 | 0

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга жалпыга маалымдоо каражаты менен иштөө форматын, тактап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Муну менен бирге ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз.

Ошону менен катар республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз. Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM