Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизүүнү Жогорку Кеңеш колдоду

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 529 | 0

Жогорку Кеңеш Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыгын колдоду. Бүгүн кезексиз жыйынга катышкан 119 депутаттын 108и бул чечимди колдоду.

Өлкө башчысынын жарлыгы менен кечээ, 14-апрелде Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилди. Жарлыкта белгиленгендей, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалды.

2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 19 факт тастыкталган.

Copyright © 2017 Maral FM