Connect with us

COVID-19 илдети көп катталган Ошко дарыгерлер тобу жөнөтүлдү

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 810 | 0

Коронавирус көп катталып жаткан Ош жана Баткен облустарына Бишкектен дагы эки бригада дарыгерлер жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн билдирди.

Медицина кызматкерлери Ош жана Баткен облустарында иш алып барышып, аймактардагы кесиптештерине COVID-19 илдетин алдын алуу жана дарылоо иштерине жардамдашат.

Ыктыярчы топтун курамында инфекционисттер, эпидемиологдор, анестезиологдор жана реаниматологдор бар.

Буга чейин Бишкектен эпидемиологиялык абал оорлогон аймактарга төрт бригада кеткен.

Жалпысынан 13-апрелге карата коронавирус жуккандар 419 болду, каза болгондордун саны — 5, айыгып чыккандар — 67.

Илдетке чалдыккандардын эң көбү − 128 адам − Ош облусунда катталды. Жалал-Абад облусунда — 91, Бишкек шаарында — 69, Ош шаарында — 59, Нарын облусунда — 34, Чүй облусунда — 27, Ысык-Көл облусунда — 6, Баткен облусунда 5 адам илдет жугузган.

Ооруну жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 13-апрелге карата 79га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM