Биз менен байланышыңыз

Үй карантинине алынгандар мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 461 | 0

Коронавирус илдетине шектелип, үй карантинине алынган жарандар мобилдик көзөмөлдө болот. Алардын баскан-турганын көзөмөлдөөчү атайын тиркеме үй карантинине алынган жарандардын чөнтөк телефонуна орнотулат. Тиркеме жарандын макулдугу менен гана орнотулат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча Республикалык штабдан кабарлады.

Маалыматка караганда, тиркеме бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет. Мындан тышкары үй карантининдеги жаран саламаттыгы кескин начарласа, SOS баскычын колдонуп, инфекционист дарыгерлердин тез жардамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Штаб кабарлагандай, тиркемедеги маалыматтар купуя, кызматтык колдонууга арналган. Мобилдик көзөмөлдөө системасына кирүү укугу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине жооптуу саналуу гана адистерге берилген.

Мобилдик көзөмөл тиркемесин Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети иштеп чыкты.

Бүгүн, 13-апрелде Кыргызстанда COVID-19 дагы 42 адамдан табылды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 419 адам, алардын бешөө каза тапты,  67 бейтап айыгып чыкты.

Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам. Үй карантинине алынган адамдардын саны боюнча так маалымат айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM