Биз менен байланышыңыз

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 1085 | 0

Бүгүн, 13-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрининин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын ичинен ичинен:
Бишкекте – 10;
Чүй облусунда – 6;
Ош облусунда – 9;
Ош шаарында – 5
Жалал-Абад облусунда – 2;
Нарын облусунда – 9;
Баткен облусунда – 1.

Жалпысынан алганда, 13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган катталган жалпы учур 419га жетти. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 91;
Ош облусунда – 128;
Ош шаарында – 59;
Чүй облусунда – 27;
Бишкек шаарында – 69;
Баткен облусунда – 5;
Нарын облусунда – 34,
Ысык-Көл облусунда – 6.

Министрдин орун басары белгилегендей, бир сутка ичинде 13 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды, — деди Саламаттык сактоо министринин орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM