Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 51ге жетти

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 931 | 0

Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 51ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалыматка ылайык, жаӊы учурлардын ичинен 8 медкызматкер Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда, үчөө Ош шаарында.

Кыргызстанда COVID-19 менен катталгандардын саны 339га жетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM