Биз менен байланышыңыз

Самат Ибраев Жогорку Кеңештин депутаты болду

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 547 | 0

Самат Ибраев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ал КСДП фракциясынын тизмесинен депутат болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Күнөөлүү деп табылган Осмонбек Артыкбаевдин ыйгарым укуктары соттун чечими күчүнө киргендигине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандатынан ажыратылып, орду бош калган. Мыйзам боюнча бош орунду тизмедеги кийинки талапкер ээлейт.

2015-жылы парламенттин депутаты болуп, андан кийин ЖКнын аппарат жетекчиси кызматын аркалаган. Ушул жылдын 23-мартында өз каалоосу менен жумуштан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM