Биз менен байланышыңыз

БШК: Осмонбек Артыкбаевдин мандаты алынды

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 274 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы өкүмү менен депутат Артыкбаев 1997-жылдын 1-октябрындагы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ушул жылдын 23-мартындагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы өкүмүн Бишкек шаардык соту дээрлик күчүндө калтырган.

Осмонбек Артыкбаевге «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу айыпталган. 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Copyright © 2017 Maral FM