Биз менен байланышыңыз

Президент саламаттыкты сактоо министрин кабыл алды

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 585 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары талкууланды.

Президент коронавирус инфекциясын аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге тартылган бардык медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздоо зарылдыгын айтып, саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери мындан ары дагы мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болоорун белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков жалпы республика боюнча, өзгөчө инфекция жугузуп алгандар аныкталган райондордо санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүүгө көңүл бурду.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал медициналык мекемелердин зарыл болгон дары-дармектер, жеке коргоочу каражаттар жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылышы тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тартып өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин «118» «тынымсыз телефон линиясы» иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM