Биз менен байланышыңыз

Президент Суракматов менен Намазалиевди кабыл алды

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 1195 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өзгөчө абал жарыяланган башка шаарлар жана райондорго караганда өлкө борборундагы кырдаалды көзөмөлдөө татаалыраак экенин белгиледи.

Өзгөчө абалдын киргизилиши менен шаар тургундарына көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралды. Албетте, нааразычылыктар да бар, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Бишкек шаары менен Чүй облусуна ички миграциянын агымы чоң, борбордо жана анын айланасында көптөгөн социалдык жактан аярлуу жарандар жашайт. Борбор шаардын жана облустун жетекчилери бул багытта  координацияланган аракеттерди жүргүзүүгө тийиш.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүнкү күндө борбордо аз камсыз болгон жана муктаж 56 миң үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөндүгүн маалымдады. Аларга жергиликтүү бюджеттен биринчи кезекте зарыл болгон азык-түлүктөр менен даректүү жардамдар көрсөтүлүп жатат, Өкмөттүн линиясы боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан 300 тонна ун бөлүндү.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев дагы бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аярлуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун аягында калктын саламаттыгын өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин күчөтүлгөн чараларды сактоо менен коргоо, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда жашаган жарандарды эң зарыл делген азык-түлүк менен камсыздоо маселелери бирдей  мааниге ээ жана жергиликтүү бийликтерден бул маселелердин аткарылышы үчүн толук берилип иштөөнү талап кыларын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM