Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Кытай чегинде жер силкинди

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 994 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-апрель күнү саат 02:18де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен, саат 03:51де Кыргызстандын Кытайга чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абал облусунун Аксы районунун Мундуз айылында 3 балл, Ак-Сай жана Сары-Кашка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми Ош облусунун Алай районунун Көк-Суу айылында 4 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Copyright © 2017 Maral FM