Биз менен байланышыңыз

5-апрель: Коронавирус жуктургандардын саны 147ге жетти

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 968 | 0

Бүгүн, 5-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 жаӊы учур тең Бишкек шаарынан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 147ге жетти. Алардын ичинен 8 адам айыгып, бирөө каза болду.

СOVID-19 вирусу аныкталган 147 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

  • Бишкек – 20;
  • Ош облусунда – 47;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 67;
  • Чуй облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 4.

Copyright © 2017 Maral FM